Редакцияот 14.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айылдык округунун Кенешинин кезектеги жыйырма алтынчы сессиясынын (VI-чакырылыш) жыйналышынын

 

 

2020-жылдын 14-декабры  № 26/3

 

Кара-Кочкор жайыт пайдалануучулардын бирикмеси жайыт планы бюджедти ички тартип эрежеси трактордун бюджетин 2021-жылга бекитүү жөнүндө

 

 

Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши

 Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1.            Кара-Кочкор жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2018-2022-жылга бекитилген жайыт планындагы Кара-Кочкор жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин бюджети киреше жана чыгашасы 230,миң сом болжолдуу сметасы бекитилсин.

2.            Кара-Кочкор жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин ички тартип эрежеси бекитилсин.

3.            Кара-Кочкор айыл өкмөтүнө калуучу 3/1 жайытан түшкөн жыйымды толугу менен жайыттын инфраструктурасына жумшоого которулуп берилсин.

4.            Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрага И. Курманбаев) жана айыл өкмөтүнүн башчысы К. Асановго тапшырылсын

 

 

Кара-Кочкор айылдык

округунун Кеңешинин төрагасы:

Э. Жакеев.

 

 

Кара-Кочкор айыл аймагынын жергиликтүү

Кеңешинин (V1чакырылышынын )депутаттарынын

2020-жылдын “14” декабрындагы сессиясынын

26/3 токтому менен бекитилди.

Кара-Кочкор айыл аймагынын Кеңешинин

Төрагасы Э. Жакеев

“_14_”_12___2020_-ж.

 

 

 

Ички тартип эрежелери

 

Айылдык Кеңеште бекитилгенден кийин жайытты башкаруу жана пайдалануу планын жайыт пайдалануучулар аткарууга милдеттүү. Бул пландагы режимди бузган жайыт пайдалануучулар административдик жоопкерчиликке тартылышат. Ар бир айыл аймагында ички тартип эрежелери иштелп чыкгарылган,.болжолдуу ЖтК ички тартип эрежелери төмөндө көрсөтүлгөн:

 

2021-жылга бекитилген жайыт башкаруу планына ылайык:

 

- Жайыт сезону 1-апрелден башталат

- Жайыт сезону 30-ноябрда аяктайт

-Жаздоолорго көчүп чыгуу 1-апрелден 30-апрелге чейин

-Жайлоолорго көчүү1-майдан 10- майга чейин

-Жайлоолордон көчүп келүү 15-сентябрдан 1-октябрга чейин

-Жайлоодон эрте көчүп келген малчыларга бодо мал үчүнбир күнгө 250 , майда мал үчүн 50 сом айып салынып, кайра көчүп кетүүгө кат жүзүндө билдирүү берилет

- 20-апрелге чейин айдоо аянттарынын жанындагы мал жаздоолорго көчүрүлүшү керек

- Бада 20-апрелден баштап уюшулсун

- Айылда 1 ат, 1саан бээ 2 саан уй,5койдон ашык мал калтырылбасын..

- Эгерде айыл ичинде 5 баштан ашык майда мал алып калгандарга жалпы чогулуштун жана аксакалдар сотунун чечими менен ар бир баш үчүн 300 сом айып салынат:.

Айдоо аянттарына кирген мал үчүн төмөндөгүдөй айыптар салынат::

- Эгере 25-апрелге чейин айдоо аянттарга мал кирсе- мал ээлерине-эскертүү

- Эгерде 10-майдан кийин айдоо аянттарына кирсе бодо малга биринчи жолу 250 сом, майда малга 30 сом, экинчи жолу кирсе бодого -500, майда малга-50 сом айып салынат. Эгерде дагы эле мал кире берсе келтирилген зыян эсептелип чыгып аксакалдар соту же бузуулар кодекси аркылуу келтирилген чыгым өндүрүлөт,.

-Эгерде тартип бузуу кайталанса айыптын суммасы 2 эсе жогорулайт..

Штраф төлөбөгүсү келгендер Мыйзам алдында жооп беришет.

 - Мал баккан чабандар үчүн төмөндөгү өлчөмдө 1баш бодого 450 сом калган айыларына 350 сомдон. майда малга 1- айга 110сом калган айыларына 80 сом белгиленсин

Жайыт акынын төлөнүшү;

Кой ,Эчкиге 20 сомдон,

Жылкыга 100сом

Бодо малга 100 сом.

Сыртан келген малга 200 сом.

Өзү билемдик менен киргизген малга 300

Ветеринардык эмдөөсү боюнча маалымат кагазы жокко 1 ШМБ 500 сом айып

Ветеринардык эмдөөсү боюнча маалымат кагазы жокко жайытка чыгарбоосу белгиленсин

 

Кара-Кочкор жайыт комитетинин төрагасы

   Т. Кайыпкулов.

 

 

Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин

төрагасы Жакеев Э.

“14”декабрь. 2020-жылы. сессиясынын

26/3 токтому менен бекитилген.

 

 

 

 

Кара-Кочкор жайыт комитетинин 2021-жылга болжолдуубюджетинсметасы.

Киреше бөлүгү

 

№

Малдынтүрү

Башы

Бир ШМБ

ШМБ

1 ШМБна

Төлонүүчү акы(сом)

Сумма

 

Жылкы

400

1,0

400

100

40000

 

Бодо мал

500

1,0

500

100

50000

 

Кой эчки

7000

0,2

1300

100

140000

 

 

 

 

 

 

230000

 

Чыгаша бөлүгү

 

№

Чыгымдардын аталышы

Кодтору

Суммасы(сом).

 

3/1 а/өкмөт

3/2ЖК

 

Жайыттын инфра структурасын жакшыртуу

 

76667

0

 

Жайыттарга мониторг жүргүзүү

 

0

1000

 

Жайыттардын планын иштеп чыгуу

 

0

0

 

Жайыт жер салыгы

 

0

31780

 

Администратифтик чыгымдар:

 

0

 

 

Төрага, бухг,инспекторгоэмгек акысы

21111100

0

56000

 

Соц фонго чегерүүлөр   25,25%

 2%

12111110

12111210

0

9660

 

Иш сапарга

22111200

0

13000

 

Концтовар

22155900

0

3000

 

Транспорт чыгымы

 

0

17000

 

Түрдүү чыгымдарга,

 

0

12373

 

Кара-Кулжа ЖПБ мене келишиге негиз

 

0

40000

 

Маалымат каражаттарына

 

0

1300

 

Ассоциацияга мүчөлүк акы

 

0

1000

 

 

 

76667

153333

 

Жалпысы

 

230000