Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин VII -чакырылышынын IV -сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрелиндеги №13 

Болот Мамбетов жалпы орто билим берүү мектеп жамаатынын отурумунун протоколун бекитүү жѳнүндѳ.

_________________________________________________________________________

 

Болот Мамбетов жергиликтүү кеңешинин депутаты Г.Абдыкадырованын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, сессия

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Болот Мамбетов жалпы орто билим берүү мектебининжамаатынын отурумунун протоколу бекитилсин. Тиркеме тиркелет.  
  2. Болот Мамбетов айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Тѳрт-Күл айылындагы Болот Мамбетов жалпы орто билим берүү мектебиндеги муниципалдык менчикте турган кѳмѳкчү чарба боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү үчүнайыл ѳкмѳтүнүн алдында комиссия түзүлсүн.  
  3. Бул токтомдун аткарылышы айыл Ѳкмѳт башчысы Р.Кылжыровго

           милдеттендирилсин.  

  1.  Бул токтомдун аткарылышын мыйзамдуу жагын карап көзөмөлгө алуу Болот

Мамбетов жергиликтүү Кеңешининин  пландоо, бюджет  жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча комиссиянын тѳрагасына тапшырылсын. 

 

Төрага                      Р.Белекова

 

Катчы                                                                                                         Г.Садырова