БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин VII -чакырылышынын IV -сессиясы
2024-жылдын 19-апрелиндеги №17
Темир-Канат айылындагы 40 орундуу бала бакчага “Кумтѳр Голд Компани” ЖАКунун каржылоосу менен 1 600 000 сомго инвентар алуу жѳнүндѳ.
_____________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине”, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону” жетекчиликке алып Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнүн компьютердик технологиялар, 1Т, инвестиция тартуу, сатып алуулар жана статист-экономист боюнча жетектѳѳчү адис З.Мукамбетованын сунушун угуп, талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кумтѳр Голд Компани” Жабык Акционердик Коомунун каржылоосу менен 1600,0 миң сомго Темир-Канат айылындагы 40 орундуу бала бакчага инвентарларалынсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов жергиликтүү Кеңешининин пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча комиссиянын тѳрагасына тапшырылсын.
Төрага Р.Белекова
Катчы Г.Садырова