Редакцияот 26.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин VII -чакырылышынын V-сессиясы

 

2024-жылдын 26-июнундагы №27 

Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы жѳнүндѳ.

_________________________________________________________________________

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык элдин жашоо шарттарын оңдоо ирээтинде Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Г.Садырованын сунушун угуп, талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин. (Уставдын тиркемеси тиркелет).

 

2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин мандат, закондуулук, мыйзамдуулук, мамлекеттик жана коомдук тартипти сактоо, этика жана диний иштер боюнча комиссиянын тѳрагасына тапшырылсын.

 Төрага                      Р.Белекова

 Катчы                          Г.Садырова