Редакцияот 28.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

XXVIII-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы

2023-жылдын 28-ноябры № 73

Жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

  Октябрь айылдык кеӊеши Октябрь айыл аймагынын Отуз-Уул айылынын тургуну Анапияев Адилет Ишенбекович №306 контурундагы айыл чарба багытындагы тоют ороосунун тегерегинен 0,30га жер тилкесин мага чечим чыгарып берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып Октябрь айылдык кеӊеш токтом кылат:

 

1.Октябрь айыл аймагынын Отуз-Уул айылынын тургуну Анапияев Адилет Ишенбековичке №306 контурундагы айыл чарба багытындагы тоют ороосунун тегерегинен 0,30га жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө макулдук берет.

 

2. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Октябрь айылдык кеӊештин туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ашыровго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Т Иманалиев