ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
2023-жылдын 28-ноябры № 75
Жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Октябрь айылдык кеӊеш Октябрь айыл аймагынын Жолколот айылындагы тургуну Өмүрзакова Зина Кенжебаевна № 273 контурундагы 2,0га жайыт жер тилкесинин көп жылдык мөмө жемиш өстүрүүгө багытын өзгөртүүп берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып Октябрь айылдык кеӊеш токтом кылат:
1.Октябрь айыл аймагындагы Жолколот айылынын № 273 контурундагы 2,0га жайыт жер тилкесин көп жылдык мөмө жемиш өстүрүү жерлер түрүнө багытын өзгөртүүгө макулдук берет.
2. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кенжебаевге милдеттендирилсин .
3. Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Октябрь айылдык кеӊештин туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ашыровго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Т Иманалиев |