Редакцияот 09.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

ЖЕРГИЛИКТҮҮ  КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVIII-чакырылышынын Алтын-Арашан жергиликтүү

кенештин кезексиз 4 сессиясы  

 

2024-жылдын  09-июлундагы  № 34

 

Жер тилкесин өздөштүрүүгө 

макулдук берүү  жөнүндө

 

       Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш Алтын-Арашан айыл аймагынын Бөрү-Баш айылынын тургуну Сакибаев Кубанычбек Кыргызбаевич №1034  контурундагы 0,60 га жайыт жер тилкесин өздөштүрүп көп жылдык алма бак отургузууга уруксат  берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып    Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш

 

токтом кылат:

 

     1.Алтын-Арашан айыл аймагынын Бөрү-Баш айылынын тургуну Сакибаев Кубанычбек Кыргызбаевич №1034 контурундагы 0,45га жайыт жер тилкесин ошол эле категориядагы  көп жылдык мөмө жемиш бактары алдындагы жерлер түрүнө которууга   макулдук берет.

     2.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊештин туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ашыровго жүктөлсүн.      

 

Төрага                                                                                           Т.Т.Иманалиев

 

 

 

 

Жиберилди: Иш-кагазына-1,Алтын-Арашан а/ө-1, Юстицияга-2.