Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII -чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы

 

2024-жылдын 16-апрели  № 14/5

     Жан-Булак  айыл аймагынын  Достук айылындагы №30 кесиптик  окуу жайына караштуу имараттарды айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берүү  жөнүндө

 

                Жан-Булак айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн башчысы У.Боскунчиевдин Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагынын Достук айылындагы №30 кесиптик  окуу жайына караштуу имараттарды айыл өкмөтүнүн балансына алуу боюнча билдирүүсүн угуп  жана талкуулап  Жан-Булак айыл аймагынын  айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XIV- кезексиз сессиясы  токтом кылат: 

 

1. Жан-Булак  айыл аймагынын  Достук айылындагы №30 кесиптик  окуу жайына караштуу имараттарды Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасына  алууга макулдук берилсин.

 

2.Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү документтердин топтомун белгиленген тартипте  Нарын райондук  мамлекеттик администрацияга  даярдап берүү жагы Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл башчысы   У.Боскунчиевге  тапшырылсын.

 

 

  

Төрага

 

Б. Ормокеев