Редакцияот 14.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын

 

2022-жылдын 14-сентябрындагы № 56

 

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровдун жазган кайрылуусу жөнүндө

 

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровдун жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

 

2. Бекмолдо айыл аймагынын Чоң-Токой айылынын Эркебай көчөсүнүн жолун асфальттоо иштери үчүн 13 276 331(он үч млн. эки жүз жетимиш алты миң үч жүз отуз бир) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2022-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

С.Осмонов