Редакцияот 15.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектүү сессиясынын

 

2022-жылдын 15-декабрындагы № 58

 

Бекмолдо айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн улуттук программасы жана өнүгүү багытындагы инвестициялык долбоорлор боюнча түзүлгон иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын, Бекмолдо айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн улуттук программасы жана өнүгүү багытындагы инвестициялык долбоорлор боюнча түзүлгон иш-чаралар планын бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектүү сессиясы токтом кылат:

 

1. Бекмолдо айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн улуттук программасы боюнча түзүлгөн иш-чаралар планынын долбоору бекитилсин.

 

2. 2022-2026-жылдарга өнүгүү багытында аткарылуучу инвестициялык долбоорлору боюнча түзүлгөн иш-чара планынын долбоору бекитилсин.

 

3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго

милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

С.Осмонов