Редакцияот 20.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезексиз VII сессиясы

2023-жылдын 20-июлу № 34/1

АРИС программасы менен жасала турган жумуштарга кошумча акча каражатын карап берүү жана көйгөйлөрдү стратегиялык планга киргизүү жөнүндө

Тамчы айыл аймагында АРИС программасы менен жасала турган иштер боюнча аймактагы жергиликтүү калк менен өткөрүлгөн жыйындардагы (фокс топтордон) берилген сунуштарды угуп жана талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Айыл аймагшындагы төмөндөгү көйгөйлөр айыл аймактын стратегиялык планына киргизилсин:

Кош-Көл айылы боюнча чыккан көйгөйлөр:

1.  ФАПка медициналык эмерек жана жабдууларды алуу;

2.  Канализация салуу;

3.  Ички жолдорду асфальттоо;

4.  Бала бакча салуу;

5.  Башталгыч мектеп салуу;

6.  Тротуар салуу;

7.  Жаңы конушка ичүүчү суу тартуу;

 Чырпыкты айылы боюнча:

1.  Бала бакчанын жылуулугу;

2.  Бала бакчага медициналык кабинетке шаймандар;

3.  Мектептин медициналык кабинетине эмерек менен шаймандар;

4.  Балдарга спорт аянтчасын куруу;

5.  Банкомат жана терминал;

6.  Компьютердик борбор;

7.  СТО ачып,иштетүү ( унаа оңдоочу жай);

 Тамчы айылы боюнча :

1.  Бала бакчанын жылуулугу;

2.  Мектеп-гимназиянын ичине даараткана орнотуу;

3.  Саркынды сууралын алып чыгуу (канализация);

4.  Банк ачуу,банкомат орнотуп берүү;

5.  ГСВ га физ.кабинет ачуу;

6.  Ички жолду оңдоо;

7.  Борбордук жолго светафор орнотуу;

8.  Төрөт үйүн салуу;

9.  Фитнес зал ачуу;

10.Пирс салуу.

 

2.  АРИС программасы менен жасала турган иштердин баасы сметадан ашык боло турган болсо жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык кеңештин туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

 

4.  Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

Төрага

Э.А.Мамбетов