ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
2023-жылдын 28-июлу № 36
Айылдык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги, Кош-Көл айылынын түндүк-чыгыш тарабына купка-загон салуу боюнча Тамчы айыл Өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адисинин маалыматын угуп, Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Көл айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы №2044чү контурдан 0,50 га жайыт жерин мал дарылоочу купка-загон (мал дарылоочу, бирка жана чип басуучу) куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынын ичинен “Айыл чарбалык эмес” жерлердин түрүнө (угодиясына) которууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү башкармалыктардын корутунду жана иш кагаздарын алуу Тамчы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин жер маселеси, агрардык реформа, айыл чарба маселелери жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
4. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Э.А.Мамбетов |