ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясы
2023-жылдын 8-сентябры № 41
Жер мунапысын жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31- майындагы “ Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 Токтомунун негизинде, айыл аймактагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адистин маалыматын депутаттар угуп, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31- майындагы “ Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 Токтомунун негизинде айыл аймагынын Чырпыкты айылынын Жеңиш жана Чолпонкул көчөлөрүнүн 1990-1996- жылы берилген жер тилкелери Ысык-Көл райондук жер мунапысы боюнча комиссиясынын кароосуна коюлсун.
2. Мамлекеттик мекемелерден тийиштүү иш кагаздарын алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин жер маселеси, агрардык реформа, айыл чарба маселелери жана жартылыш ресурстарын пайдалануу боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
4. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Э.А.Мамбетов |