ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги XII сессиясы
2023-жылдын 14-ноябры № 44
Тамчы турак жай коммуналдык чарбасы муниципалдык ишканасынын 2023-жылдын 9 ай ичинде аткарылган иштери жөнүндө
Тамчы турак жай коммуналдык чарбасы муниципалдык ишканасынын 2023-жылдын (январь-сентябрь ) 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча Тамчы турак жай коммуналдык чарбасы муниципалдык ишканасынын жетекчиси Сагынаалиев Бексултан Сагынаалиевичтин жана эсепчиси Асангожоева Нургүл Бектемировнанын маалыматын угуп, депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамчы турак жай коммуналдык чарбасы муниципалдык ишканасынын 2023-жылдын (январь-сентябрь ) 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча маалымат алымча-кошумчасы менен кабыл алынсын.
2. 2023-жылдын жыйынтыгы менен элдик жыйындар өткөрүлүп, жергиликтүү калкка аткарылган иштер боюнча маалымат берүү жагы Тамчы турак жай коммуналдык чарбасы муниципалдык ишканасынын жетекчиси Сагынаалиев Бексултан Сагынаалиевичке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык кеңештин туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
4. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Э.А.Мамбетов |