КРУПСКАЯ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 25-августу № 01-4/25
Мектепке чейинки билим мекемесине кошумча тайпа ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык Крупская атындагы айыл аймагынын 1-Май айылындагы “Сырдуу балалык” бала бакчасына кошумча 3-тайпа ачуу боюнча ФЭБ башчысы Г.Тулинованын маалыматын угуп жана талкуулап, Крупская атындагы айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1 - Май айылында жайгашкан “Сырдуу балалык” бала бакчасына балдардын саны өскөндүгүнө байланыштуу 3-тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Кошумча тайпаны ачуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандартынын тартибинде жүргүзүлүүсүнө бала бакчанын директору А.Молдокуловага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эдигеевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | М.Акчалов |