КРУПСКАЯ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-сентябры № 01-4/27
Крупская атындагы айыл аймагы менен Төш-Булак жана Асылбаш айыл аймактарын бириктирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 Жарлыгын ишке ашыруу максатында “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде Крупская атындагы айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук районунун Крупская атындагы айыл аймагы менен Төш-Булак жана Асылбаш айыл аймактарын бириктирүү маселеси колдоого алынсын.
2. Бириккен айыл аймак “Сары-Өзөн” айыл аймагы деп аталсын.
3. Бириккен Төш-Булак, Асылбаш жана Крупская атындагы айыл аймактарынын борбору Сокулук айылында жайгашсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төраганын орун басары | М.Акчалов |