Редакцияот 01.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КРУПСКАЯ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 1-ноябры № 01-4/31

Жер тилкесин берүү жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, жеке турак-жай куруу үчүн жер участокторун берүү жана башка маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы Р.Иштыбаевдин М.Абылкасымовдун 21.08.2023-жылдагы арызы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-жана 13-беренелерине ылайык, жеке турак-жай куруу үчүн жер участокторун берүү жана башка жер маселелери боюнча жер комиссиясынын 2023-жылдын 20-октябрындагы протоколуна, Сокулук айылындагы Белинский көчөсү №182 дарегиндеги №1248 контурундагы аянты 600 кв.м. жер тилкесин шаар куруу жана архитектуралык 15.09.2023-жылдын №63 планына таянып,айылдык кеңештин XXVIII-чакырылышынын сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сокулук айылындагы Белинский көчөсү №182 дарегиндеги №1248 контурундагы аянты 600 кв.м. жер тилкесин бала кезинен майып болуп төрөлгөн балдарга реабилитациялык борбор ачуу үчүн социалдык объект курууга макулдук берилсин.

2. Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эдигеевге ушул токтомдун негизинде буйрук чыгарсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Р.Н.Иштыбаевге жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары

М.Р.Акчалов