Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 193 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого
орто мөөнөттүү тарифтик саясаты
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 420, 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 623, 2024-жылдын 29-майындагы № 287 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Киришүү
Ушул Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясаты (мындан ары - ОМТС) өлкөнүн энергетика тармагындагы каатчылыктын шарттарында керектөөчүлөрдү жылуулук энергиясы жана ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга багытталган.
Ушул ОМТСтин максаты жылуулук энергетикалык тармагында өзүн-өзү актоо принциптерин акырындык менен киргизүү жана тарифтерди түзүүдө кайчылаш субсидияларды этап-этабы боюнча жоюу болуп саналат.
ОМТС орто мөөнөттүү мезгилде жылуулук энергиясына тарифтер менен наркын жабууга жетүүнү жана андан ары аларды жыл сайын өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциясынын деңгээлине карата түзөтүп турууну болжолдойт.
Импорттолуучу отун ресурстарынын (көмүр, газ, мазут) наркы дайыма өсүп жаткан шарттарда ушул ОМТСтин негизги милдеттеринин бири ушул ОМТСтин тиркемесинде келтирилген темптерге ылайык жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтерди өз убагында өзгөртүү болуп саналат. Мындай мамиле жылуулук энергиясына жана ысык сууга болгон тарифтерди акырындык менен алардын реалдуу наркына чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берет, жыйынтыгында жылуулук энергетика секторундагы жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын финансылык туруктуулугун камсыз кылат.
2-глава. Жалпы принциптер
Бул ОМТС төмөнкү принциптерге негизделет:
- тарифтер жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу боюнча бардык чыгымдарын, ошондой эле карыздарды, капиталдык салымдарды жана башка тейлөөгө чыгымдарды жабышы керек;
- тарифтердин өсүү темпи акырындык менен жүргүзүлүшү жана керектөөчүлөр үчүн күтүүсүз экономикалык кыйынчылыктарды жаратпашы керек;
- электр жана жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдүн ортосундагы кайчылаш субсидиялоо акырындык менен жоюлушу керек. Мында 2025-жылга чейинки орто мөөнөттүү мезгилде жылуулук энергетикасында субсидияларды толугу менен жоюу мүмкүн эмес, анткени бул калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтин өтө өсүп кетишине алып келет.
3-глава. Тарифтер
Калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтер
Тиричиликтик керектөөчүлөр (калк) үчүн көлөмү 80 м2 чейинки турак жайдын жалпы аянты үчүн белгиленген жылуулук энергиясын ай сайын керектөөнүн социалдык ченеми каралат.
Турак жайынын жалпы аянтынын көлөмү 80 м2 жогору болгон тиричиликтик керектөөчүлөр (калк) үчүн жылуулук энергиясына тарифтер социалдык ченемден ашкан ар бир м2 үчүн жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.
Жериндеги жеке жылытуучу отканалар жылуулук менен камсыздаган жаңыдан пайдаланууга берилген көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тиричиликтик керектөөчүлөр (калк) үчүн жылуулук энергиясына тарифтер жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 287 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 287 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Өнөр жай жана башка керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына тарифтер
Өнөр жай жана башка керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына тарифтер жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.
Бюджеттик керектөөчүлөр үчүн тарифтер.
2024-жылдын 1-январынан тартып бюджеттик керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына тарифтер жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.
Ысык сууга тарифтер
Ысык сууну тиричиликтик керектөөчүлөр үчүн да тарифтердин жыл сайын акырындык менен өсүшү каралууда.
Ушуну менен бирге калктын көпчүлүк бөлүгүндө ысык сууну эсеп алуучу приборлор жок болгондуктан, ысык сууга төлөм турак жайда жашаган ар бир адамга керектөө - айына 4,8 м3 эсебиндеги ченем боюнча каралган.
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 287 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Өнөр жай жана башка керектөөчүлөр үчүн ысык сууга тарифтер жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.
2024-жылдын 1-январынан тартып бюджеттик керектөөчүлөр үчүн ысык сууга тарифтер жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.
Жылуулук менен камсыздоочу уюмдар үчүн ысык суу түрүндөгү жылуулук энергиясына тариф эсепке алуу приборлору боюнча жана керектөөчүлөрдүн бардык топтору үчүн керектөө ченеми боюнча ысык суу түрүндөгү жылуулук энергиясы үчүн тарифке жараша жекече белгиленет.
Тарифтердин туура жана өз убагында колдонулушу үчүн, алардын энергия менен камсыздоочу уюмдар жана жылуулук энергиясын керектөөчүлөр тарабынан туура эмес чечмеленишин болтурбоо максатында, "Энергетика жөнүндө" жана "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык тарифтер тарифтерди колдонуу тартибин аныктаган, белгиленген тарифтер колдонулуучу керектөөчүлөрдүн топторунун тизмегин камтыган Жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого тарифтерди колдонуу боюнча нускамага ылайык колдонулат.
4-глава. Корутунду
Ушул ОМТСти ишке ашыруунун жүрүшүндө жыл сайын отун ресурстарына (газ, мазут, көмүр) баалардын өзгөрүүсүнө талдоо жүргүзүлүп турат. Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча жылуулук энергетика секторундагы ишканалардын иштеринин негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн ОМТСте кабыл алынган көрсөткүчтөрдөн четтөөсү аныкталат. Ушуну эске алуу менен тарифтерди жогорулатуунун өсүү темпи жылуулук энергетикалык компаниялардын жабдууларды жана жылуулук тармактарын оң абалда кармап турууга, ошондой эле аларды өз убагында оңдоого жана жаңыртууга байланышкан инвестициялык жана кредиттик милдеттенмелерине жараша кайра каралышы мүмкүн.
Бул ОМТС төмөнкүлөргө түрткү берет:
- жылуулук энергиясын жана ысык сууну пайдалуу жана натыйжалуу максаттарда гана пайдаланууга;
- керектөөчүлөрдө жылуулук энергиясын жана ысык сууну пайдалануунун реалдуу наркын аныктоо мүмкүндүгүнүн пайда болушуна, бул керектөөчүнүн өз керектөөсүнүн түзүмүн кайра карап чыгуусу жана энергетикалык натыйжалуулук (жылуулоо жана изоляциялоо) үчүн өбөлгө түзөт;
- жылуулук энергетикасын субсидиялоону этап-этап менен кыскартууга.
| Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатына 1-тиркеме |
2021-2025-жылдарга карата акыркы керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына жана ысык сууга
тарифтер
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 287 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Керектөөчүлөрдүн тобу | Өлчөө бирдиги | Дата | ||||
2021-ж. | 01.06.2022-ж. | 01.06.2023-ж. | 01.06.2024-ж. | 01.06.2025-ж. | |||
Жылытуу максатындагы жылуулук энергиясына тарифтер | |||||||
1 | Калк(*) |
|
|
|
|
|
|
1) | айына 80 м2 чейин | сом/Гкал | 1134,76 | 1134,76 | 1248 | 1560 | 1950 |
| Өсүү | % | - | - | 10% | 25% | 25% |
2) | айына 80 м2 жогору | сом/Гкал |
|
|
| наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде |
| Өсүү | % |
|
|
| - | - |
2 | Өнөр жай | сом/Гкал | 1802 | 1802 | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде |
| Өсүү | % | 6,3% |
|
|
|
|
3 | Бюджеттик керектөөчүлөр | сом/Гкал | 1802 | 1802 | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде |
| Өсүү | % | 6,3% |
|
|
|
|
4 | Башка керектөөчүлөр | сом/Гкал | 1802 | 1802 | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде |
| Өсүү | % | 6,3% |
|
|
|
|
Ысык сууга тарифтер | |||||||
5 | Калк (ысык суу түрүндөгү жылуулук энергиясы үчүн)(*) | сом/Гкал | 981,76 | 981,76 | 1120 | 1560 | 1950 |
| Өсүү | % | - | - | 14,1% | 39,3% | 25% |
6 | Өнөр жай, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр (ысык суу түрүндөгү жылуулук энергиясы үчүн) | сом/Гкал | 1802 | 1802 | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде |
| Өсүү | % | 6,3% |
|
|
|
|
| Эскертүү. (*) Жылуулук энергиясына жана ысык сууга жогоруда көрсөтүлгөн тарифтер бардык жылуулук менен камсыздоочу ишканалар үчүн (жаңыдан пайдаланууга берилген көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган жериндеги жеке жылытуучу отканаларды кошпогондо) "Калк" тобундагы керектөөчүлөр менен эсептешүүлөрдө колдонулат. Эсепке алуу приборлору жана керектөө ченеми боюнча ысык суу түрүндөгү жылуулук энергиясына тариф керектөөчүлөрдүн бардык топтору боюнча жылуулук менен камсыздоочу уюмдар үчүн ысык суу түрүндөгү жылуулук энергиясына белгиленген тарифке жараша жекече белгиленет. | ||||||