Редакцияот 22.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 22-ноябры № 1603-VII

"2023-жылдын 25-майында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2023-жылдын 11-октябрындагы чыг. № 15-8490) "2023-жылдын 25-майында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун басары

 

Дж.К. Исаева