Редакцияот 19.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Саз айылдык кеңештин XXYIII – чакырылышынын 8 – сессиясы

2023-жылдын 19-январы № 06

Жарандык коргонуу жөнүндө Мыйзамдын негизинде

Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы № 54 “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамынын 8-главасынын 21 –беренесинин 2 пунктун Саз айылдык кеңештин сессиясында карап талкуулап

 

Токтом кылат:

 

1. Айыл өкмөтүнүн 2023-жылга түзүлгөн бюджетке жарандык коргонуу жаатындагы

иш –чараларды каржылоого жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуу максатында 50,0 (элүү миң) сом каралсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Ч.Соронбаевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Сагыналиев