САЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Саз айылдык кеңештин XXYIII – чакырылышынын 8 – сессиясы
2023-жылдын 19-январы № 07
Жашылдандыруу, көрктөндүрүү, тазалыкты сактоо боюнча
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6 –сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Саз айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Саз айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштардын менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, уюмдар ээлгеген жана аларга бекитилип берген аймактарда көчөлөрдө жана короо аймактарында талаптагыдай санитардык абалды жана тартипти камсыз кылуу иш-чаралар уюштурулсун.
2. 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу иш аракеттер планы бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө Саз айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кожокматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Сагыналиев |