Редакцияот 19.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Саз айылдык кеңештин XXYIII – чакырылышынын 8 – сессиясы

2023-жылдын 19-январы № 9

Саз айыл аймагында жеке турак үй курууга бөлүнгөн жер тилкелеринин өлчөмү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмтүнүн 2005-жылдын 6 – майындагы № 177 Токтомуна ылайык Саз айыл кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  Саз айыл аймагында жеке турак үй куруу максатында бөлүнүп берилүүчү жер тилкемелеринин өлчөмү төмөнкү тартипте бекитилсин:

 

1. Калктуу конуштардагы Союз мезгилинде берилген эски короо жайлардын системалык каттоодон өтпөй калган жер тилкелеринин өлчөмү 0,30га

 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 291 31 майындагы 2022-жылдын “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби” Токтомунун берилген жер тилкелеринин өлчөмү 0,15 га

 

3. Калтуу конуштарды кеңейтүү максатында трансформация болуп, жаңы бөлүнө турган жер тилкелеринин өлчөмү 0,07га болуп чектелсин.

 

Төрага

Т. Сагыналиев