САЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-сентябры № 16/ХХYII-11
Сокулук айыл аймагы менен Саз айыл аймагын бириктирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук районунун Сокулук айыл аймагы менен Саз айыл аймагын бириктирүү маселеси колдоого алынсын.
2. Бириккен айыл аймак “Сокулук” айыл аймагы деп аталсын.
3. Бириккен Саз, Сокулук аймактарынын борбору Сокулук айылында жайгашсын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Т. Сагыналиев |