Редакцияот 15.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын III кезексиз сессиясы

2023-жылдын 15-июну № 3/1

Жерге-Тал айыл аймагынын Жалгыз-Терек айылындагы жеке турак жайларды, таза суу менен камсыз кылуу тармактарына кошууга аткарылуучу жумуштардын жана чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27 жана 34 беренелерине ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын жергиликтүү маанидеги калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселелерин ишке ашыруудагы кызмат көрсөтүү сметасын карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын III кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын 2023-жылдын 05-июнундагы №03 сандуу каты менен сунушталган сметасы жактырылсын.

2. Жерге-Тал айыл аймагынын Жалгыз-Терек айылындагы жеке турак жайларды, таза суу менен камсыз кылуу тармактарына кошууга аткарылуучу жумуштардын жана чыгымдардын сметасы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, jergetal.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго жүктөлсүн.

 

                                    

Төрага

Шаарбек у Б.

 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык

кеңешинин XXVIII чакырылышынын

III кезексиз сессиясынын 2023-жылдын

15-июнундагы №3/1 токтому менен

бекитилген №1 тиркеме.

 

 

 

 

Жерге-Тал айыл аймагынын Жалгыз-Терек айылындагы жеке турак жайларды, таза суу менен камсыз кылуу тармактарына кошууга аткарылуучу жумуштардын жана чыгымдардын сметасы.

 

 

 

Таблица №1

Аткаруу жумуштары

№

Жумуштун түрү

Чен бирдиги

Саны

Баасы

Баардыгы (сом)

1

Траншей казып кайра көмүү

метр

40

200 (1-п/м)

8000 сом

2

Орнотуу (№2 таблицадагы жабдууларды орнотуу үчүн)

 

 

 

500 сом

Жалпы:

8500 сом

 

 

Таблица №2

Таза суу менен камсыз кылуу тармактарына кошууга 1 кожолукка керектелүүчү жабдуулар

№

Жабдуулардын аталышы

Марка

Саны

Баасы 1

көлөмгө

Баардыгы (сом)

1

Суу эсептегич

ВКМ15

РОСИЧ-21%

1 шт

2365

2365 сом

2

Кран

D 15 мм

1 шт

300

300 сом

3

Фум лента

PTFE 100%

1 шт

70

70 сом

4

Сгон

Размер d-15

2 шт

50

100 сом

5

Хамут

d-15мм

2 шт

20

40 сом

6

Муфта

d-15 мм

1 шт

160

160 сом

7

Суутүтүк

ПВХ d-15 мм

40 м

36,63 (1-п/м)

1465,2 сом

Жалпы:

4500,2 сом