Редакцияот 15.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын III кезексиз сессиясы

2023-жылдын 15-июну № 3/5

 

Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторуна тапшырган арыздарына ылайык ар бир айылга кезегине жараша иреттүүлүгүн аныктоочу каттоо реестр журналын ачууну кароо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы 177 токтому менен бекитилген «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII  чакырылышынын III кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 12-июнундагы №02-2-3/97 сандуу каты менен сунушталган суроо-талабы жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы 177 токтому менен бекитилген «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобонун 16.пунктусуна ылайык,  Жерге-Тал айыл аймагынын Казан-Куйган, Кызыл-Жылдыз, Жерге-Тал жана Жалгыз-Терек айылдырынын тургундарына жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторуна тапшырган арыздарына ылайык, ар бир аталган айылдарга кезегине жараша иреттүүлүгүн аныктоочу каттоо журналы ачылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, zhergetal.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.  

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго жүктөлсүн.

                                    

Төрага

Шаарбек у Б.