Редакцияот 23.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Акназаров айылдык Кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 3-сессиясынын

2024-жылдын 23-апрели № 4

 

Акназаров айыл аймагынын жаңы көчөлөрүнө электр

чубалгыларын жана трансформаторлорду орнотууга долбоор

даярдоо жөнүндө

 

Акназаров айыл аймагынын жаңы көчөлөрүнө электр чубалгыларын жана трансформаторлорду орнотууга долбоор даярдоо жөнүндө айыл өкмөт башчысынын кайрылуусун угуп, талкуулап чыгып;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Акназаров айыл аймагынын жаңы көчөлөрүнө электр чубалгыларын жана трансформаторлорду орнотуу керектүү жана максаттуу деп табылсын.

2. Өнүктурүү фонддордон Акназаров айыл аймагынын жаңы көчөлөрүнө электр чубалгыларын жана трансформаторлорду орнотуу долбооруна колдоо көрсөтүү жагы суралсын.

3. Долбоордун тиешелүү документтерин даярдап ишке ашыруу жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу боюнча башкы адиси С.Досмамбетовага жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Назаралиевге жуктөлсүн.

5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Акназаров айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

К.Жорготаев