Редакцияот 23.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Акназаров айылдык Кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 3-сессиясынын

2024-жылдын 23-апрели № 5

 

Инфраструктураны жакшыртуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2024-2026-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча иш-аракеттер жөнүндөгү” 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №305 сандуу Жарлыгын аткаруу максатында депутаттардын Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2024-2026-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча иш-аракеттер жөнүндөгү” 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №305 сандуу Жарлыгы жетекчиликке алынсын.

 

2. Айыл аймагындагы жарандарды тартуу менен айылдагы калктуу конуштарды, ички көчөлөрдү, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан кичи ишканалар, мектеп, бала-бакчалар, лицей, №3 УДТ, ФАПтар ээлеген аймактарында тазалыкты сактоо, көрктөндүрүү жашылдандыруу, санитардык абалды жана тартипти камсыз кылуу максатында тиричилик калдыктарын тазалоо боюнча иш-чаралар бекитилсин. /тиркеме тиркелет/

 

3. Бул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. К. Байдулатовго милдеттендирилсин.

 

 

Акназаров айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

К.Жорготаев

 

 

БЕКИТЕМИН

Акназаров айылдык кеңешинин

2024-жылдын 23-апрелиндеги

№5 токтому менен бекитилген

 

Улуттук тазалык күнү жана 2024-2026-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү, көрктөндүрүү жашылдандыруу жана коомдук тартипти сактоо боюнча

Акназаров айыл аймагында түзүлгөн иш-чаралардын планы

 

№

Милдеттер

Күтүлүүчү натыйжа

Аткаруу мөөнөтү

Аткаруучулар

Каржылоо булагы

1

Айыл өкмөтүнүн кеңсесин жана тегерегиндеги мекемелердин сырткы көрүнүшүн ирээтке келтирүү, актоо, сырдоо жана гүлдөрдүн түрлөрүн отургузуу.

Мекеменин сырткы көрүнүшүн таза кармоо.

Апрель май айлары

Айыл өкмөтү

Жергиликтүү бюджет

2

Айыл аймагындагы көчөлөрдү, трасса бойлорун ирээтке келтирүү боюнча коомдук ишембиликтерди уюштуруу.(карагайларды актап сырдоо,көрнөк  жарнактарды  жаңыртуу)

Калк жашаган аймактарды таза кармоо.

2024-жыл 2-квартал

Айыл өкмөтү, мектеп, бала-бакча, УДТ,ФАПтар.

Жергиликтүү бюджет

3

Тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу.

Тиричилик калдыктары көчөмө-көчө кыдырып чыгарылат. Айыл тургундарына жеңилдик болот.

Дайыма

Айыл өкмөтү

Жергиликтүү бюджет

4

Калктын тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу.

Айлана-чөйрөнүн климаттык абалы жакшырат.

Дайыма

Айыл өкмөтү

Жергиликтүү бюджет

5

Катуу тиричилик калдыктарын көмүү үчүн полигондорду түзүү.

Айлана-чөйрөнүн климаттык абалы жакшырат. Жер кыртышынын эрозиялык бузлушунан сакталат.

2026-жылдарга чейин

Айыл өкмөтү

Жергиликтүү бюджет

6

Мекеменин аталышын көрсөткөн көрнөктөрдү жаңыртуу. 

Көрнөктөрдү ирээттөө.

2024-жыл

Айыл өкмөтү

Жергиликтүү бюджет

7

Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган жоокерлерге арналып тургузулган эстеликтерди ремонттоо, айланасын ирээтке келтирүү.

Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган жоокерлерди эскерип туруу.

 

 

Жергиликтүү бюджет

Жооптуу катчы

 

Ж.Субанова