Редакцияот 15.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын III кезексиз сессиясы

2023-жылдын 15-июну № 3/7

Муниципалдык менчиктеги айыл чарба техникаларын кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү жолу менен менчиктештирүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековдун билдирүүсүн угуп жана Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын III кезексиз сессиясынын 2023-жылдын 15-июнундагы №3/6 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчиктеги айыл чарба техникаларын кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү жолу менен менчиктештирүү жөнүндө» Жобого ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын III кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндөгү «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын муниципалдык менчиктеги айыл чарба техникаларын кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү жолу менен менчиктештирүүгө макулдук берилсин;

- Чөп чабуучу комбайн FORTSCHRITT E-302, чыгарылган жылы 1987-ж, зоводдук номуру 610, түсү жашыл (зеленый), номер белгиси 05KG736CA.

- Чөп чабуучу комбайн FORTSCHRITT E-302, чыгарылган жылы 1983-ж, зоводдук номуру 1814170, түсү хаки, номер белгиси 05KG703CA.

- Чөп чабуучу комбайн FORTSCHRITT E-302, чыгарылган жылы 1984-ж, зоводдук номуру 18-19102, түсү күрөң-жашыл (хаки), номер белгиси 05KG704CA.

- Дан эгиндерин чогултуучу комбайн CK-5 МЭ-1 НИВА - ЭФФЕКТ, чыгарылган жылы 2007-ж, зоводдук номуру 185801, түсү ачык-жашыл (ярко-зеленый), номер белгиси 05KG510CA.

- Дан эгиндерин чогултуучу комбайн CK-5 МЭ-1 НИВА - ЭФФЕКТ, чыгарылган жылы 2006-ж, зоводдук номуру 185052, түсү ачык-жашыл (ярко-зеленый), номер белгиси 05KG506CA.

- Дан эгиндерин чогултуучу комбайн CK-5 МЭ-1 НИВА, чыгарылган жылы 2007-ж, зоводдук номуру 186499, түсү жашыл (зеленый), номер белгиси 05KG501CA.

2. Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын III кезексиз сессиясынын 2023-жылдын 15-июнундагы №3/6 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчиктеги айыл чарба техникаларын кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү жолу менен менчиктештирүү жөнүндө» Жобого ылайык иш алып барылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, jergetal.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Шаарбек у Б