Редакцияот 12.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Коргон   айылдык  кеңешинин  VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

 

2024-жылдын 12-июну №6/3

 ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Коргон   айылдык  кеңешинин  VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

 

2024-жылдын 12-июну №6/3

Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасын аталышын өзгөртүү  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 11-январындагы №01-25/6 буйругуна негиз Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн алдында “Үч-Коргон” муниципалдык ишканасын түзүү максатында Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.    Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Үч-Коргон Таза суу” муниципалдык ишканасынын аталышы “Үч-Коргон” муниципалдык ишканасы болуп өзгөртүлсүн.

2.    Токтомду аткарууга алуу, тийиштүү материалдык техникалык базасын чыңдоо жана муниципалдык ишкананы Баткен облустук юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана адам укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайым

  М.Кочконова