Редакцияот 23.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Акназаров айылдык Кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 3-сессиясынын

2024-жылдын 23-апрели № 7

 

Калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба

багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффициентти

белгилөө жөнүндө

 

Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги кезектеги 3-сессиясы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде КР башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомунун негизинде кайра уюшулгандыгына байланыштуу калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында эмес жерлерге таандык болгон жер участокторунун нарктык зоналарынын чектери кайрадан белгиленет деп көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Акназаров айыл аймагында калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында эмес жерлерге таандык болгон жер участокторунун нарктык зоналарынын чектери кайрадан белгиленсин.

2. Калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффициент 1,0 өлчөмүндө киргизилсин.

3. Салыктык коэффициенттерин которуу маселесине тактоо жүргүзүү жана салыктар өз мөөнөтүндө жыйналышын камсыздоо жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго милдеттендирилсин.

4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Акназаров айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

К.Жорготаев