Редакцияот 12.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Коргон   айылдык  кеңешинин  VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

 

2024-жылдын 12-июну №6/5

  

“Үч- Коргон” мунициципалдык ишканасынын иш планын, бюджетин жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча тарифин бекитүү жөнүндө.

 

            Кыргыз Республикасынын“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 22-беренесине ылайык Үч- Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. “Үч- Коргон” муниципалдык ишканасынын иш планы жана тарифи бекитилсин.
  1. “Үч- Коргон” муниципалдык ишканасына жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү максатында субсидия катары айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  1. Тиешелүү каражатты бөлуп берүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финанс жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайым

  М.Кочконова