Редакцияот 16.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6- сессиясы

 

2024-жылдын 16-майы № 21

 

2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлеккеттик программасынын тизмесине кирген “ Кадамжай районунун Бүргөндү массивиндеги жерлерди өздөштүрүү (2-кезек)” объектисинин курулушуна керектүү жер тилкелерин бөлүп берүү, убактылуу пайдаланууга 57,1 га, биротоло 38,2 га жалпы

 95,3 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтомуна негиз,  Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу суу ресурстары кызматы суу чарбасынын объектилерин куруу боюнча дирекциясынын кайрылуу катына негиз, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлеккеттик программасынын тизмесине кирген “Кадамжай районунун Бүргөндү массивиндеги жерлерди өздөштүрүү (2-кезек)” объектисинин курулушуна керектүү жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча, убактылуу пайдаланууга 57,1 га, биротоло 38,2 га жалпы 95,3 га жер аянтын берүүгө макулдук берилсин.
  1. Токтомдун мыйзам чегинде  аткарылышын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысы  Х. Досановго милдеттендирилсын.

 

  1. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин   жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага: К. П. Машрапов