Редакцияот 04.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 7- сессиясы

 

2024-жылдын 4-июну № 25

Молдо Нияз  айыл аймагынын айыл  өкмөтүнө караштуу Умай Эне айылындагы аты жок көчөлөрүнө  аталыш ыйгаруу жөнүндө

  Кыргыз Республикасынын  өкмөтүнө караштуу  Мамкаттоо кызматында адрестүү каттоонун геомаалыматтык системасын жакшыртуу максатында жана Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн жер адиси Т. Эдавлятовдун 04.06.2024-жылдагы сунуш катын угуп жана талкуулап Молдо Нияз айылдык кеңеши

 

                                                         ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Молдо Нияз  айыл аймагынын айыл  өкмөтүнө караштуу Умай Эне айылынын күн чыгыш тарабындагы көчөлөр Умай Эне 18, Умай Эне 19, Умай Эне 20, Умай Эне 21, Умай Эне 22, Умай Эне 23, Умай Эне 24 жана Ош Баткен авто жолдун астындагы көчөлөр Умай Эне айылынын түндүк тарабындагы Умай Эне 25, Умай Эне 26, Умай Эне 27, Умай Эне 28, Умай Эне 29, Умай Эне 30, Умай Эне 31, Умай Эне 32  деп аталсын.
  1. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.
  1. Ушул  токтомдун аткарылышын   көзөмөлдөө жагы  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин  жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага: К. П. Машрапов