Редакцияот 14.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы

2023-жылдын 14-августу № 6/2

Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын чыгымдоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча комиссиясынын, Финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Н.Абдырасулованын баяндамасын угуп жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жыл башынан калган бюджеттик эсептеги калдык акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:

 

№

Чыгаша бөлүктүн аткарылышы

Сумма (сом)

1

Топосъемка

130000

2

Мүчөлүк акы

9000

3

Архив

1210

4

Кызыл-Жылдыз айылына өздүк салым (ФАП, мечит, окуу борбору)

1702490

5

Камсыздандыруу

51500

6

Муниципалдык ишканага ремонтко (Суунун башын чоңойтууга)

171000

7

Мекемелердин таштанды калдыктарын чыгарууга

80000

8

Архитектура сметасына

8800

9

Архитектура сметасына

10886

10

Архитектура “Өрнөк”балдардын чыгармачылык билим борборунун сметасына

103658

11

Архитектура “Ыйман” ден соолук борборунун сметасына

143600

12

Спец техникаларды кайра каттоо

18000

13

Токой чарбага көчөт алууга

111100

14

Технадзор, Казан-Куйган бала бакчага

20000

15

Ит атууга охот союзга

30000

16

Айлана чөйрөнү коргоого Экологияга

30000

17

Лотокко (Казан-Куйган)

400000

18

Жайыт

164000

Жалпы

3 185 244

 

Баары – 3 185 244 (үч миллион бир жүз сексен беш миң эки жүз кырк төрт) сом

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, jergetal.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери К.Асаналиевага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго жүктөлсүн.

 

                                  

Төрага

Шаарбек у Б