Редакцияот 04.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 7- сессиясы

 

2024-жылдын 4-июну № 31

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чукур-Кыштак жана Горький орто мектептеринде жайгашкан кичи футбол аянтчалары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 189 буйругу менен бекитилген Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү типтүү жобого ылайык, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чукур-Кыштак жана М.Горький орто мектептеринде жайгашкан кичи футбол аянтчаларын түз келишим менен ижарага берүүжөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 189 буйругу менен бекитилген Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү типтүү жобого ылайык, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чукур-Кыштак жана М.Горький орто мектептеринде жайгашкан кичи футбол аянтчаларын түз келишим менен ижарага берүүгө макулдук берилсин.
  2. Ижарага берилген Чукур-Кыштак жана М.Горький орто мектептеринде жайгашкан кичи  футбол  аянтчаларынын бир айлык  ижара акысы 1000 (бир миң) сомдон  деп аныкталсын жана Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебине төлөнүүсү белгиленсин.
  3. Токтомдун мыйзам чегинде  аткарылышын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысы  Х.Досановго милдеттендирлсин.
  4. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешнин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

  К.П. Машрапов