Редакцияот 14.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

2024-жылдын 14-июну № 28

             Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун билдирүүсүн, Ак-Татыр айылдык кеңешининмыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология  боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 11-июнундагы отурумунун №4 протоколун угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XI сессиясы Токтом кылат

 

 

1.     Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылына жаңыдан чийилип жаткан Башкы планына, айылдын көчөлөрүн жана жолдорун көрсөтүп өзгөртүүлөр киргизилсин.

  1. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовго жүктөлсүн.
  1. Ушул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология   боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Турдуевге жүктөлсүн.

4.     Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланган.

5.     Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага:

 

Ысаков С.Б.