Редакцияот 14.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

2024-жылдын 14-июну № 29

         Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынын каналын жана сугат суу насосторун, трансформаторлорун өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 29-беренесин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун 6-пунктунун биринчи пунктчасына ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун билдирүүсүн, Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясынын жүрүшүндө каралып жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы Токтом кылат

 

 

1.     Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынын каналын, сугат суу насостору жана насостун трансформаторлору  Баткен райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилсин.

  1.  Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовго жүктөлсүн.
  1. Ушул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы, Ак-Татыр  айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология  боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Турдуевге жүктөлсүн.

4.     Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.

5.     Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага:

 

Ысаков С.Б.