Редакцияот 14.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

2024-жылдын 14-июну № 33

             Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө

 

 

Кыргыз  Республикасынын  “Жер кодексине”  Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү”  мыйзамына ылайык  Кыргыз  Республикасынын  2013-жылдын 15-июлундагы  “Жер  участокторун которуу (трансформациялоо)  жөнүндөгү”  мыйзамына, Кыргыз Республикасынын  2021-жылдын 20-октябрындагы  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын           7-беренесинин негизинде Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун билдирүүсү Рават айылындагы мөмө-жемиш бактарды көчөрүү, карап жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы Токтом кылат

 

 

1.    Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынын түндүк тарабынан асылдуулугу төмөн жайыт жеринен мамлекеттик менчиктеги №5348-контурундагы 1,0 гектар таштуу жайыт жерин “Айыл  чарба  багытындагы жерлер” категориясынан, “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер”  категориясына  которуштурууга  (трансформация)  макулдук берилсин.

  1.  Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовго жүктөлсүн.
  1. Ушул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы, Ак-Татыр  айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология  боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Турдуевге жүктөлсүн.

4.    Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.

5.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага:

 

Ысаков С.Б.