Редакцияот 14.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Ысык-Ата айылдык кенешинин 28-чакырылган кезексиз XXXIII (отуз үчүнчү) сессиясы

 

2024-жылдын 14-июну №202/ XXXIII-28

 

Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылынын бала бакчасынын чатырын Чүй облусунун өнүктүрүү фондусу аркылуу алмаштырууга жана Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына бала бакчанын чатырын алмаштыруу жана имаратын оңдоого өзгөртүү киргизгенге макулдук берүү жөнүндө

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 10-июнундагы “Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылынын бала бакчасынын чатырын Чүй облусунун өнүктүрүү фондусу аркылуу алмаштырууга жана Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына бала бакчанын чатырын алмаштыруу жана имаратын оңдоого өзгөртүү киргизгенге макулдук берүү жөнүндө” № 03-13/643 катын Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айыл аймагынын жергиликтүү Уставынын негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:

 

1. Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылынын бала бакчасынын чатырын Чүй облусунун өнүктүрүү фондусу аркылуу алмаштырууга жана Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына бала бакчанын чатырын алмаштыруу жана имаратын оңдоого өзгөртүү киргизгенге макулдук берилсин.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Төрага

 

Ж.Бейшекеев