ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 35-чи кезектеги жыйыны
2023-жылдын 30-ноябрындагы № 108
Чүй аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2023-жылдын 17-мартындагы № ММ-169 катын карап, ошондой эле Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынын, жер комиссиясынын төрагасы Т.М.Калманбетовдун жана Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Н.Н.Адашпасов пикирин угуп, жана талкуулап
Таш-Дөбө айылдык кеңеш:
ТОКТОМ кылат:
1. Чүй аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын административдик имаратын куруу үчүн Аламүдүн районунун, Таш-Дөбө а/о, Байтик-Баатыра көчөсү, №5 контур дарегинде жайгашкан 0,10 га жер тилкеси берилсин;
2. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы №5 контурда жайгашкан жалпы аянты 0,10 га жер тилкесинин максаттуу багыты Чүй аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын административдик имаратын куруу үчүн өзгөртүлсүн;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Н.Н. жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |