Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 37-чи кезектеги жыйыны

 

2024-жылдын 31-январы № 112

 

Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн калкын социалдык жактан коргоо боюнча

 

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары Токсунбаева Асел Орунбаевнанын, Есеналиев Ильяз Кубанычбековичтин пикирин угуп, Таш-Дөбө айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  кылат:

 

1. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылга калктын социалдык аялуу катмарынын тизмесин категориялар боюнча тактоо жана жаңылоо;

2. Социалдык жактан коргоого муктаж калктын социалдык аялуу катмарынын тизмеси Таш-Дөбө айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына берилсин;

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Н.Н. жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

 

Курманбаев А.Б.