ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 37-чи кезектеги жыйыны
2024-жылдын 31-январы № 113
Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн калкын социалдык жактан коргоо боюнча
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары Токсунбаева Асел Орунбаевнанын, Есеналиев Ильяз Кубанычбековичтин пикирин угуп, Таш-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн материалдык жардамга муктаждардын тизмесин түзүүдө Таш-Дөбө айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы менен макулдашуу;
2. 2024-жылдан баштап ар бир тизме төмөнкүдөй пункт менен толукталсын: “Айылдык кеңештин депутаттары менен макулдашылды”;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Н.Н. жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |