Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 38-чи кезектеги жыйыны

 

2024-жылдын 19-февралы № 118

 

Коомдук транспортто жүрүү үчүн тарифтерди (бааларды) жогорулатуу жөнүндө

 

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканасынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин алдындагы Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын жана “Эко пассажирские перевозки” ЖЧКсынын 2023-жылдын 14-январында чыг.№7 арызын карап жана талкуулап

Таш-Дөбө айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ  кылат:

 

1. Мурда чыгарылган 2022-жылдын 22-декабрындагы № 60 Токтому жокко чыгарылсын

 

2. 2024-жылдын 1-мартынан тартып №265 жана №295 кичиавтобус менен коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн тарифти № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Мукашева У.Н. жүктөлсүн

 

 

Төрага

 

Курманбаев А.Б.