Редакцияот 22.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 38-чи кезектеги жыйыны

 

2024-жылдын 22-февралы № 123

 

Жер участогун оперативдүү башкарууга өткөрүү жөнүндө

 

Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдразаковдун 2024-жылдын 16-февралындагы №03-20/61 катын карап, ошондой эле Малиновка жана Кашка-Суу айылдарынын тургундарынын кайрылуусун карап чыгып, Байтик айылынын өкүлүн жана Таш-Дөбө айылдык кеңешинин жер комиссиясынын төрагасы Калманбетов Төрөбек Муратовичти угуп жана талкуулап

 

Таш-Дөбө айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ  кылат:

 

1. Малиновка айылынын Центральная көчөсүндөгү мурунку мектептин имараты менен 0,6191 га жер тилкеси төмөнкү шарттарда бала бакча ачуу үчүн 20 жылдык мөөнөткө Байтик айыл өкмөтүнүн оперативдүү башкармалыгына берилсин:

1)    Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн балдары үчүн квота 100% бала бакчадагы балдардын санынын 50%ын түзөт;

2)    Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн балдарын тамак-ашын Байтик айыл өкмөтүнө көтөрөт;

3)    Бала бакчанын башчысы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалат;

4)    Бала бакчанын бардык коммуналдык төлөмдөрү Байтик айыл өкмөтү тарабынан төлөнөт;

5)    Берилген жер участогуна жаңы имарат куруу же эски имаратты оңдоо боюнча кандай гана чечим болбосун Таш-Дөбө айыл өкмөтү менен макулдашылууга тийиш.

2. Келишим түзүүдө жогорудагы шарттарды эске алынсын

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Мукашева У.Н. жүктөлсүн

 

 

Төрага

 

Курманбаев А.Б.