Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2024-жылдын 31-январы № 111 токтомуна ылайык

ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 35-чи кезектеги жыйыны

2023-жылдын 30-ноябры № 105

Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн үлүштүк катышуусунун негизинде көп кабаттуу үй куруу үчүн жер участогун убактылуу пайдаланууга (ижарага) берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, ошондой эле Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2023-жылынын 17-ноябрдагы корутундусунун негизинде, Таш-Дөбө айылдык кеңеши:

ТОКТОМ  кылат:

1. «Мейкин Билдинг» ЖЧКсына Орто-Сай айылында жайгашкан 15 000м2 жер тилкеси 5 жылдык мөөнөткө үлүштүк курулуш шартында убактылуу пайдаланууга (ижарага) берилсин.

2. «Мейкин Билдинг» ЖЧКсы менен Таш-Дөбө айыл өкмөтү үлүштүк катышуу шартында жер тилкесин ижара берүү келишими түзүлсүн.

3. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн үлүшү жалпы пайдалуу сатылуучу аянттын 100 (жүз) пайызынан 15 (он беш) пайыз коммерциялык аянтчалар өлчөмүндө белгиленсин.

4. Ижара акысынын өлчөмү Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги №64 токтому менен бекитилген тарифтерге ылайык белгиленсин.

5. «Мейкин Билдинг» ЖЧКсынан төмөнкү социалдык пакеттерди кабыл алуу:

ü  Таш-Дөбө айылындагы Бегелдинов көчөсүндөгү балдардын мектепке чейинки билим берүү борборун (балдар бакчасын) капиталдык оңдоо жана аймакты жашылдандыруу.

ü  Малиновка айылынын балдардын мектепке чейинки билим берүү борборун (балдар бакчасын) капиталдык оңдоо жана аймагын жашылдандыруу.

6. Токтом юстиция органдарында каттоодон өткөрүлсүн.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Н.Н. жүктөлсүн.