ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 35-чи кезектеги жыйыны
2023-жылдын 30-ноябры № 100
«Ордо» Коттедж шаарчасынын директорунун 2023-жылдын 28-сентябрындагы кир.№26 арызын карап чыгып, туруктуу жер комиссиясынын корутундусун жана Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынын пикирлерин угуп жана талкуулап
Таш-Дөбө айылдык кеңеши:
ТОКТОМ кылат:
1. «Ордо» Коттедж шаарчасынын юридикалык дареги кийинкидей болуп бекитилсин: «Чүй облусу, Аламүдүн району,Таш-Дөбө айыл өкмөтү, «Ордо» шаарчасы.
2. Көчөлөрдүн аталыштары жана үйлөрдүн номерлери ушул токтомдун №1-тиркемесине ылайык берилсин.
3. Юридикалык даректи өзгөртүү жана көчөлөрдүн атын жана үй номерлерин ыйгаруу боюнча бардык чыгымдарды «Ордо» шаарчасы көтөрсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Н.Н. жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |