КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын II сессиясы
2024-жылдын 29-февралы № 5
Кара-Буура айыл өкмөтү тарабынан мамлекеттик сатып алуулар боюнча өткөрүлүүчү тендердик комиссиясынын курамына киргизүү жөнүндө
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын II сессиясынын протоколунун чечиминин негизинде Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл өкмөтү тарабынан мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендердик комиссиясынын курамына - Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламент, мыйзамдуулук, курулуш, транспорт, экология, этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү киргизилсин.
2. Түзүлгөн комиссия мамлекеттик сатып алуулар боюнча өткөрүлгөн тендерлер боюнча иш алып барсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Кара-Буура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Стамкуловго жүктөлсүн.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |