КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын III сессиясы
2024-жылдын 4-апрели № 1
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешине штаттык бирдик киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик – аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун ишин уюштуруу жөнүндө" токтомунун 5-тиркемесине жана Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын III сессиясынын протоколунун чечимине ылайык Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин штаттык бирдигине, техникалык тейлөөчү персонал катары катчы-иш кагаздарын алып баруучу бир штаттык бирдиги киргизилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлөт .
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |