ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 5-апрели № 31/4
Чүй айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризация материалдарына түзөтүүлөрдү (корректировка) киргизүү жөнүндө
Чүй айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризация материалдарына түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча жумушчу топтун жыйынтыктары жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык кеңеши кезектүү 31-сессиясында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризация материалдарына түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча жумушчу топтун жасаган жумуштарынын жыйынтыгы №1-тиркеме №2-тиркемеге (1У,У– бөлүмдөрүнөн башкасы) ылайык бекитилсин.
2. Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 30-майындагы №127-т жер фондунун инвентаризация материалдарына түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча тескемесинин негизинде түзүлгөн райондук комиссияга, Чүй айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризация материалдарына түзөтүүлөрдү киргизүү жумуштарынын жыйынтыгын карап чыгып, бекитүү үчүн Чүй райондук мамлекеттик администрациясына киргизүү менен бекитип берүү жагы суралсын.
3. Чүй райондук мамлекеттик администрациясынан Чүй айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризация материалдарына түзөтүүлөрдү киргизүү жумуштарынын жыйынтыктарын жана Жумушчу топтун корутундусу жана сунушу 2-тиркемеде көрсөтүлгөн 1У, У – бөлүмдөрү боюнча Кыргыз мамлекеттик аңчылык Кыргоол чарбасына тиешелүү «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын», аянты 1135 га жер тилкесин «Токой чарбасына которуу» иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15,20-беренелерин эске алуу менен Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна сунушталсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чүй айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Сакаевге жүктөлсүн.
Төрага | Б.О.Кыдырбаев |