КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын III сессиясы
2024-жылдын 4-апрели № 6
Кара-Буура айылдык кеңешинин 2024-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кара-Буура айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-февралындагы №2 токтому менен бекитилген Регламентине жана Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын III сессиясынын протоколунун чечимине ылайык, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын 2024-жылга иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет 2 баракта)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |
|
| Тиркеме
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги №6 токтому менен бекитилди |
№ | Аткарылуучу иштин аталышы | Аткарууга жооптуулар | Аткаруу мөөнөтү |
1 | Айылдык кеңештин регламентин бекитүү. | Туруктуу комиссия, жооптуу катчы | I чейрек |
2 | Айылдык кеңештин иш планын бекитүү. | Айылдык кеңештин депутаттары, жооптуу катчы | I чейрек |
3 | Жергиликтүү калк менен иштөө, атуулдардын жеке арызын жана даттанууларын кароо, жеке маселелер боюнча кабыл алуу. | Айылдык кеңештин депутаттары, жооптуу катчы | Дайыма |
4 | Айыл аймактагы мектептердин жана бала бакчалардын ички чарбалык иштеринин абалы, 2024-жылга материалдык техникалык базасы, көрктөндүрүү иштеринин жыйынтыгы. | Социалдык жана маданий маселелер боюнча туруктуу комиссия. | II чейрек |
5 | Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата кабыл алынган бюджеттин биринчи жарым жылдыкта аткарылышын көзөмөлдөө. Айыл аймакка инвестицияларды жана гранттарды тартуу. | Бюджет боюнча туруктуу комиссия. | III чейрек |
6 | Айыл аймактагы дене-тарбия жана спорт тармагындагы көйгөйлүү маселелер, дене-тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу | Туруктуу комиссия | III чейрек |
7 | Айыл өкмөт башчысынын 6 айдын жыйынтыгы боюнча отчету. | Айыл өкмөт башчысы | III чейрек |
8 | Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселелерин кароо, Жайыт комитетинин аткарып жаткан иштери жөнүндө | Туруктуу комиссия, Жайыт комитетинин төрагасы | III чейрек |
9 | Муниципалдык менчикти башкаруу, атайын техникалардын иштери, Турмуш тиричилик калдык тарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу иштери боюнча маалыматты угуу | Айылдык кеңештин депутаттары | III чейрек |
10 | Туруктуу комиссиялардын отурумдарын өткөрүү | Туруктуу комиссиялар, иш кагаздарын алып баруучу адис | Ар бир кезектүү сессиядан мурда |
11 | Айыл аймактагы СПА жана ИСКАКБларынын эгин талааларын суугат суусу, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуусу. | Туруктуу комиссия, СПА, ИСКАКБнын жетекчилери | III чейрек |
12 | Айыл өкмөт башчысынын 9 айдын жыйынтыгы боюнча отчету. | Айыл өкмөт башчысы | IV чейрек |
13 | Айыл өкмөт башчысынын Айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча отчету | Айыл өкмөт башчысы | IV чейрек |
14 | Айылдык кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин, жергиликтүү маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана айыл аймагынынын өнүгүшүнө белгилүү салым кошкон жарандардын ишин баалап, жыл аягында аларды сыйлыкка көрсөтүү | Туруктуу комиссия Жооптуу катчы | IV чейрек |